16:27 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
711 0 0

Адистин айтымында, коронавируска байланыштуу үйдө обочолонуп отуруу адатта эртең менен,  кечинде, кээде дем алышта гана көрүшкөн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кыйын.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Үйдөн чыкпай отуруу адамдар үчүн чоң стресс жана чыныгы мамилени аныктай турчу мезгил. Мындай учурда чөгүп кетпөө үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосуна психолог Наталья Инченко айтып берди.

Анын пикиринде, коронавируска байланыштуу үйдө обочолонуп отуруу адатта эртең менен, кечинде, кээде дем алышта гана көрүшкөн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кыйын. Бөтөнчө жаш жубайлар, кичинекей балдары барлар жана буга чейин эле мамилесинде көйгөй болуп келгендер үчүн оор мезгил. Анүстүнө буга вирусту жугузуп албоо коркунучу да кошул-ташыл болот.

Психолог кризистик абалдан оолак болуунун негизги үч жолун айтып берген.

"Биринчиден, алектене турчу жаңы нерсени табуу керек. Күнүмдүк жашоодо биздин ишибиз бар, ар кандай дүкөндөрдү кыдырып, конокко барабыз. Обочолонгон убакта мунун бардыгын  кыла албайбыз. Алаксуу үчүн онлайн-сабактардан өтүңүз, үй жумушун жасаңыз, виртуалдуу түрдө дүйнөлүк музейлерди кыдырып, онлайн-спектаклдерди көрүңүз же китеп окуңуз", — деген Инченко.

Экинчи эреже адамдын жеке мейкиндиги болушу керек. Бул түшүнбөстүктөрдү азайтат.

"Кээде адамга жалгыздык керек. Кайсы бир бөлмөдө өзүңүз менен өзүңүз болуңуз. Бирок мындай учурда жакындарыңызга айтып коюу зарыл. Алар силер эмнени каалап жатканын билгени жакшы",  — деген психолог.

Үчүнчүдөн, жалпы алектене турчу нерселер болушу керек.

"Жакындарыңар менен жалпы кызыкчылыктарды тапкыла. Бул жактырган тасма же чогуу жасаган тамак болушу мүмкүн", — деп кеңеш берген Инченко.

Ал эми кыргызстандык психолог кандай кеңеш бергенин шилтеме аркылуу окуңуздар.

Тема боюнча

Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
Белгилер:
мамиле, стресс, кеңеш, психолог

ЭҢ МААНИЛҮҮ