Коронавирустун жайылып кеткендеги кесепетин эксперттер айтып берди

© REUTERS / Aly Song/File PhotoМедициналык кызматкер кишинин температурасын ченеп жатат. Архив
Медициналык кызматкер кишинин температурасын ченеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия жарыялоо — инфекциянын жайылып кетпеши үчүн анын эрте стадиясында жабууга, чектөөгө өлкөлөрдүн аракет кылышына карата кабыл алынган катаал чечим.

БИШКЕК 12-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн фондулук рыногу "кара бейшембини" башынан өткөрүү алдында турат. Бул туурасында РИА Новости "Известия" басылмасына шилтеме кылып кабарлады. 

Абал туурасында аларга AMarkets аналитикалык департаментинин башчысы Артем Деев айтып берген.

Адис болуп көрбөгөндөй ылдыйлоо болорун, бул экономика үчүн глобалдуу кризистин келиши экенин айткан. Ал эми анын масштабын мурдагы каатчылыктар менен салыштырууга болбой турганына токтолгон.

KRK Group деп аталган консалтинг тобунун Люксембург кеңсесинин башчысы Никита Рябиндин пикиринде, америкалык фондулук биржа январдагы максимумдарынан 35 пайызга ылдый тоголонорун болжолдогон. Мындай абал эгер кырдаал жаман жагына кетсе болорун кошумчалаган.

Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен гриппти кантип айырмаласа болот. Түшүндүрмө
"БКС Премьер" компаниясынын башкы серепчиси Антон Покатович пандемия кабары дүйнөлүк экономиканы бир пайызга чейин төмөндөтүшү мүмкүндүгүн билдирди. Бул — өнүгүп келе жаткан жана бир катар өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын жайлатып, төмөндөтөрүн айтты.

Физика-технологиялык биология жана медициналык физиканын гендик инженериясы боюнча лаборатория жетекчиси Павел Волчков пандемия жарыялоо коңгуроо кагуу экенин айтат. Мындай кадам — инфекциянын жайылып кетпеши үчүн анын эрте стадиясында жабууга, чектөөгө өлкөлөрдүн аракет кылышына карата кабыл алынган катаал чечим деп түшүндүрдү.

Волчков коронавирустун жайылышынын жеткен чеги — апрель-май айларына туура келерин, андан сырткары, жайда солгундарын билдирди.

Россиянын элдердин достугу университетинин жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси Галина Кожевникованын айтымында, пандемия режими оорунун вакцинасы табылмайын уланышы мүмкүн.

"Пандемия болгондо ар бир өлкө кандай карантин киргизерин өзү чечет. Россияда башынан тарта эле катуу чектөөлөр болгон. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде көп кездеше элек", — деп белгиледи ал.

Пирогов атындагы Россиянын изилдөө медицинасы боюнча университетинин жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти Иван Коновалов инфекциянын таралышы менен күрөшүүнүн майнаптуу жолу обочолонтуу, бөлүп кармоо экендигин айтты.

Кечээ, 12-мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус Женева шаарында өткөн брифингде дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялангандыгын билдирген.

Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Кытайдан тараган бул COVID-19 вирусунан дүйнө боюнча ооругандардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын ичинен 4630 киши көз жумду.

Ал ортодо Кытай бийлиги бул өлкөдө коронавируска кабылгандардын 77,7 пайызы сакайып кеткенин айтты. Акыркы маалыматтарга караганда, ушул тапта Кытайда 80 793 киши вирус жуктурган. Алардын 62 миңден ашыгы жакшы болуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0