Путин жана башка президенттер кандай тамактанат? Салыштыруу

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Египта А. Сиси
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Египта А. Сиси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер төрт жетекчинин сырткы көрүнүшү менен тамак-аш рационун жана спорттун кандай түрү менен машыгарын изилдеген.

БИШКЕК, 10-март. — Sputnik. Европалык медицина институтунун адистери семирип кетүү боюнча салыштыруу жасап, Россия лидери Владимир Путин, АКШ президенти Дональд Трамп, Германия канцлери Ангела Меркель жана Испания премьер-министри Педро Санчестин жеген тамагына байкоо салган. Бул туурасында РИА Новости El Confidencial басылмасына шилтеме кылып жазган.

Адистер алардын сырткы көрүнүшү менен лидерлердин тамак-аш рационун катар алып, изилдеген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Россияда семирүүнүн деңгээли 25,7 пайыз болгон. Аталган мамлекеттин башчысынын 67 жаш курагындагы тулку бою, келбети көптөр суктана тургандай абалда.

Россиянын президенти Владимир Путин жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путинге турмушка чыкмакчы болгон кыз өзү тууралуу айтып берди
Путин кара кесек эт, балык, жашылча-жемиш, крупа жана жумуртка менен тамактанат. Полуфабрикаттар менен фастфуд жебегенге аракет кылат. Эртең мененкисин жакшы тамактанат. Ага омлет же бөдөнөнүн чийки жумурткасы, жемиштер жана кургатылган жемиштер кирет. Арасында таруу жана алтай майы, балы кошулган гречка боткосу бар. Кечинде жеңил — сүт жана быштак, айран, кефир азыктары менен тамактанат. Ал эми ичкиликтен шарап же сыраны ууртап-татып коёт. Путиндин жакшы формада болушуна сууда сүзүү, дзюдо, лыжа тебүү жана хоккей менен үзгүлтүксүз алектениши таасирин тийгизери айтылган.

АКШнын президентинин организминдеги майы 37,3 пайызды түзөрү жана холестерин көйгөйү бар экени айтылган. Анын акырындык менен ашыкча салмак алуунун стадиясына киргени белгиленген. 73 жаштагы Трамптын жумуртка, сыр, бекон кошулуп, соусу куюлган фастфудду жакшы көрөрү айтылган. Рационунда фри кошо салынган тооктун куурулган канаттары, пицца, газы, таттуусу көп суусундук менен бышырылган таттуу токочтор да бар. АКШ лидери ичкиликти татпаганы менен газдалган суусундукту, шоколад коктейлин жакшы көрөт. Жаш кезинде бейсбол, футбол менен алектенсе, азыр кыймылы кадыресе азайган.

Германия канцлеринин элинде семирүү деңгээлинин көрсөткүчү 25,7 пайызды түзөт. 65 жаштагы Меркель айым немец ашканасына жакын. Алар сосиска менен соусу бар пюре, сыра, ага кошумча сырдан жасалган татымалдар. Ал эми кечки тамакка негизинен жашылча жей турганы айтылган. Меркель имараттын ичинде коюлган жолчодогу лыжа менен машыкканды жакшы көрөт. Кээде жөө туризми менен алектенет, ал эми жалпысынан алганда спорт менен артынан түшүп машыкпайт.

Испаниянын премьер-министринин элинин семирүү деңгээли 27,1 пайыз. 48 жаштагы өкмөт башчы абдан жакшы формада. Санчес теңдештирилген жер ортолук деңизи деп аталган диетаны кармайт, жашылча салаттарын, эт жана грилдеги балыкты көп жейт. Эртең мененки тамакты жакшы жейт, сууну арбын ичет. Алкоголдон кызыл винону жакшы көрөт. Аптасына үч ирет спорт менен машыгат – чуркап жана велосипед тебет.

Жаңылыктар түрмөгү
0