БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
IRNA басылмасынын билдиргенине караганда, мурдагы элчи жакында эле Тегерандагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Коронавирусту ал Кума шаарынан жуктуруп алганы айтылды. Улгайып калган дипломат бейшемби күнү үзүлгөн.
"Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф маркумдун жакындарына көңүл айтты", — деп жазылат маалыматта.
Акыркы билдирмелер боюнча, Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 245ке жетти.
Буга чейин аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.
Коронавирус тууралуу
Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок. Вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Азыркы учурда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинден өтүүдө.
Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 3 664 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 83 миңден ашты. Ошол эле учурда 36 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.