Коронавирус жуктуруп алды деген Жеки Чан үн катты

© AP Photo / Casey CurryГолливуд актеру жана режиссеру Жеки Чан. Архив
Голливуд актеру жана режиссеру Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань (10 миллион сомдун тегереги) берем деп убада кылган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Голливуд актеру жана режиссеру Жеки Чан коронавирус жуктуруп алды деп шектелип ооруканада жатат деп тарап кеткен кеп боюнча пикирин билдирди.

Ал күйөрмандарына кайрылуу жасап, ыраазылыгын айтты.

Эске салсак, бир катар чет элдик ЖМКлар Голливуд актеру жабык кечелердин бирине баргандан кийин коронавирус жуктуруп алып, карантинге жаткырылды деген кабар тараган.

Ал Facebooк тармагындагы баракчасына төмөнкүчө жазган.

"Камкордугуңар үчүн баарыңарга рахмат айтмакчымын. Мен карантинде эмесмин, тынчсызданбагыла. Башкалар да сак-саламатта жана коопсуз абалда болсун", — деп жазган актер.

Буга чейин Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань (10 миллион сомдун тегереги) берем деп убада кылган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кооптондурган коронавирус. Республикалык штаб билдирүү таратты
"Илим менен технология вирус менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу. Мен коронавируска каршы дары болушунча эрте табылып калат деп үмүт кылам", — деген анда актер.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан. Акыркы маалыматка караганда, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 82 170 кишиге жеткен. Андан пайда болгон илдеттен 2 804 каза таап, 32 898 адам айыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0