Тогуз ирет текшергенден кийин гана коронавирус чыккан. Кытайлык аялдын окуясы

© AFP / NOEL CELISРаспространение коронавируса в Китае
Распространение коронавируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтапты кесиптештеринен коронавирус табылгандан соң карантинге токтоосуз түрдө февралдын башында киргизишкен.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кытайдагы Сычуань провинциясында жашаган аялды бир нече ирет тесттен өткөрүп текшергенден кийин гана анализинен коронавирус чыккандыгын The Daily Mail жазды.

Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи - Sputnik Кыргызстан
Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды
56 жаштагы кытайлык аял Чунцин шаарындагы мейманканада идиш жууп иштеген. Анын кесиптештеринин биринен жакында эле коронавирус табылып, башка кызматкерлер да карантинге алынган.

7-23-февраль арасында анын канын сегиз жолу текшергенде эч нерсе чыккан эмес. Анализ ар кыл жолдор менен алынган.

Ал эми дүйшөмбү күнү, 24-февралда, медиктер 9-жолу текшерип, коронавирус тапкан. Диагнозду лабораторияда жасалган өлчөөлөр менен клиникалык симптомдор аныктаган.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту жугузуп алгандар 80 миң, ал эми каза тапкандар 2 704 адам болду. Оорудан 27 миң киши айыгып кетти. Учурда аталган илдет 30дан ашуун мамлекетке тараган.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0