Апасын өлүмдөн алып калган эки жашар кыз коомчулукту таң калтырууда

© AFP 2023 / JOHN MOOREЖаш кыз смартфондо видео көруп жаткан убакта. Архив
Жаш кыз смартфондо видео көруп жаткан убакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тили чыга эле бөбөк үйдө эсин жоготуп жыгылып калган апасынын телефонун алып таенесине жардам сурап чалган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Британияда эки жашар кыз социалдык тармактын жардамы менен апасынын өмүрүн сактап калганын Bournemouth Daily Echo басылмасы жазды.

Президент РФ В. Путин посетил Рождественское богослужение - Sputnik Кыргызстан
Тыпыйган колдору менен сылап. Путинди жылмайткан видео
Аталган окуя Пул шаарында болгон. 28 жаштагы Саманта Мизен үйдө эки жашар кызы София жана төрт жашар уулу Итан менен отурганда өзүн жоготуп жатып калган. Тынчсызданган София апасынын телефонун алып, бармагын тийгизип экранын блоктон чыгарган. Андан соң Facebook мессенджери аркылуу таенеси Дебби Бейкерге видео менен чалган. Бөбөктүн тили чыга элек болгондуктан эмне болгонун айтып бере алган эмес, бирок ашканада көмкөрөсүнөн жаткан апасын көрсөткөн.

Бейкер тез жардам чакырып, Самантаны ооруканага алып кетишкен. Дарыгерлер Самантанын ичеги-карын инфекциясы бар экенин, ошондон улам ал өзүн жоготконун айткан. Бөбөктүн апасы тиешелүү медициналык жардам алгандан кийин толук айыгып чыккан.

Ал кызынын реакциясы абдан таң калтырганын айткан. Саманта мындай аракетти уулу Итандан күткөн экен, себеби ага ушундай кырдаалда эмне кылуу керектигин үйрөткөн. Көрсө ага кошулуп кичинекей кызы София дагы үйрөнүп алган экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0