15:02 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7558
  • RUB1.1033
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Ирандын АКШнын базасына сокку уруусу (19)
6036 0 0

Ирандын ракеталык соккулары Бишкек убактысы боюнча 8-январга караган түнү саат 3.30дар чамасында башталган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирактын батышындагы АКШнын "Айн-аль-Асад" аскерий базасына жасалган ракеталык соккунун видеосун Press TV телеканалы Twitter баракчасына жарыялады.

​Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу соккуну алар жасаганын жар салган. Мындай чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленет.

Ирандык Tansim агенттигинин маалыматы боюнча, "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашуун ракета коё берилген. РИА Новостинин Ирактын коопсуздук кызматындагы маалымат булагы базага тогуздан ашуун кол салуу болгонун билдирген.

Пентагондун реакциясы

Пентагон Ирандын соккусуна карата жооп берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. АКШнын Коргоо министринин коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Жонатан Хоффман баллистикалык ракеталар менен чабуул коюлганын кабарлады. Окуя Бишкек убактысы боюнча 8-январга караган түнү саат 3.30дар чамасында башталган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Тема:
Ирандын АКШнын базасына сокку уруусу (19)

Тема боюнча

Тегеранда генерал Сулейманини акыркы сапарга узатышты: эл өч алууну талап кылды
Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине сокку урду
Белгилер:
сокку, кол салуу, АКШ, Иран

ЭҢ МААНИЛҮҮ