15:02 06 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Анастасия Заворотнюк кабылган дарт (20)
6020 0 0

Анна үй-бүлөсү үчүн биринчи кезектеги маанилүү нерсе — апасынын тынч жана бактылуу жашоосу экендигин айткан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бизге апамдын ден соолугунун эл оозунда кеп-сөз болушу кызык эмес. Ошол себептен журналисттер менен байланышка чыкпай жатабыз. Мындай пикирин актриса Анастасия Заворотнюктун кызы Анна Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Айрымдар актрисанын үй-бүлөсү үн катпай тынч отурганына нааразы болгон. Анна ал адамдын сөзү туура эмес экенин айтып жооп берген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @anna_zavorotnyuk

"Сиздики туура эмес! Бизге апамдын ден соолугун "хайп" кылуу кызык эмес. Ошол себептен журналисттер менен байланышка чыкпай, телеканалдарга барбай жатабыз. Биринчи кезекте апамдын тынч жана бактылуу жашоосу маанилүү. Калганы эч нерсеге арзыбайт", — деп жазган Анна.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган. Азыр актриса үйүндө.

Жакында эле Заворотнюктун директору актрисанын өлүмү тууралуу маалыматка жооп берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Тема:
Анастасия Заворотнюк кабылган дарт (20)

Тема боюнча

Анастасия Заворотнюкту ооруканадан жашыруун чыгарышты
Онколог: Заворотнюктун клиникадан чыгарылышынын эки себеби болушу мүмкүн
Белгилер:
үй-бүлө, ден соолук, Анастасия Заворотнюк

ЭҢ МААНИЛҮҮ