13:54 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Токой. Архив

Суу менен торт сурап... Беш жаштагы кыз үч күндөн кийин токойдон табылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
426 0 0

Ыктыярчылардын айтымында, бөбөк табылары менен суу жана торт сураган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиянын Нижегородская облусунда жоголгон беш жаштагы кыз үч күндөн кийин токойдон тирүү табылды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги "Рысь" издөө-куткаруу тобуна таянып маалымдады.

"Үч күн токойдо, жалгыз, байкуш бөбөк... Тирүү табылды. Издөө иштерине катышкан, анын табылышына ишенген, жардам бергендердин баарына рахмат!" — деп жазылган издөө-куткаруу тобунун "Вконтакте" баракчасына.

Ыктыярчылардын айтымында, бөбөк табылары менен суу, анан торт сураган. Ал бир аз жүдөп калгандыгы айтылат. Кызды дароо дарыгерлер карап, абалын орто деп баалаган.

Беш жаштагы бөбөк жекшемби күнү Төмөнкү Новгороддон бир аз алысыраак Степановка айылынан жоголгон. Аны издөөгө жүзгө чукул киши чыккан.

Тема боюнча

Дайынсыз болуп жаткан киши унаасы менен ГЭС-5 каналынын түбүнөн табылды
Белгилер:
токой, издөө, бөбөктөр, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ