Чоң курсактан бир айда кантип арылса болот. Адистердин аныктамасы

© AFP / FRANCOIS GUILLOTОжирение во Франции
Ожирение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетолог Сонал Шахтын айтымында, эң биринчи эртең мененки тамакты тууралоо керек.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Британиялык окумуштуулар төрт жума ичинде чоң курсактан кантип арылса болорун изилдеп чыгышты. Анын жыйынтыгын The Sun басылмасы жазган.

Диетолог Сонал Шахтын айтымында, эң биринчи эртең мененки тамакты тууралоо керек.

"Эртең менен углеводдон баш тартып, белок жана май жеш керек. Булар кандагы канттын деңгээлин турукташтырып, инсулиндин аракетин басаңдатат. Мындан улам бара-бара ички органдардагы ашыкча майлар жоголот", — деди ал.

Өсүмдүктүн ширеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өсүмдүктүн ширесин ашыкча ичүү өмүрдү кыскартары аныкталды
Мындан тышкары, адистер арыктагысы келген адамдарга бир күн ичинде топтогондон көбүрөөк калория сарптоону сунуш кылат. Бирок бир эле кыймыл менен ойдогу тулку бойго жетүү кыйын. Өзгөчө ашыкча салмак көбүрөөк болгон учурда диета дагы кармоо керектиги кошумчаланды.

Углеводдорго — нан, кант, жаңгак, ботко, көпчүлүк жер-жемиштер жана газдалган суусундук кирет. Ал эми белокко бай азыктар — эт, балык, жумуртка, буурчак, сыр, соя жана башкалар. Майлар тобунда — жумуртка, зайтун, авокадо, эт жана сыр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0