БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Канаданын Британиялык Колумбия университетинин окумуштуулары углеводу аз, майы көбүрөөк эртең мененки тамак экинчи типтеги диабет менен ооругандарга пайдалуу экенин айтышкан. Башкача айтканда, мындай азык бир күн бою глюкозанын көлөмүн көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости Medical Xpress басылмасына таянып кабарлады.
Экспериментте майлуураак, углеводу аз эртең мененки омлет кантты азайтууга жардам бергендиги аныкталган. Жада калса бул тамак бир күн бою глюкозанын көлөмүн көзөмөлдөөгө жардам берери аныкталган. Мындай жыйынтык окумуштуулар үчүн да күтүүсүз болгон.