Ирактык аял табигый жол менен дароо жети ымыркайлуу болду

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЫмыркайлар. Архив
Ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка карганда, эне менен балдардын акыбалдары жакшы.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ирактык аял бир көз жарганда жети ымыркайлуу болду. Бул тууралуу Дияла провинциясынын Саламаттык сактоо департаментине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"25 жаштагы келин төрөгөн жети баланын бири эркек, калгандары кыз. Наристелер төрөлгөн оорукананын башкы дарыгери Али Шариф мындай окуяга өмүрүндө биринчи жолу туш болуп жатканын айтты", — деп жазылат макалада.

Маалыматка карганда, эне менен балдардын акыбалдары жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0