"Мыкты өлкө" рейтингинде Кыргызстан Казакстан менен Бразилияны басып өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековРепетиция военного парада, посвященного 25-летию независимости Кыргызстана
Репетиция военного парада, посвященного 25-летию независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан рейтингге 153 мамлекет кирип, 30 көрсөткүч боюнча бааланган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстан "мыкты өлкө" рейтингинде (The Good Country Index) 69-орунду ээледи. 2018-жыл боюнча маалыматтар уюмдун расмий сайтына жарыяланды. 

Жалпысынан рейтингге 153 мамлекет кирип, БУУ, ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк валюта фонду сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан берилген 30 көрсөткүч боюнча бааланган.

"Мыкты өлкө" рейтингинин көч башында Финляндия турат. Бул мамлекетте каттоого алынган патенттердин көрсөткүчү, адамдардын эркин жүрүүсү, сөз эркиндиги, киберкоопсуздук, качкындарды кабыл алуу көрсөткүчү, жаратылышты коргоо келишимдери мыкты сакталган. Ошондой эле соода-сатыктын ачыктыгы, чет элдик инвестицияны тартуу жана азык-түлүк жактан жардам берүү жолго коюлган.

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туристтер үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Андан сырткары, алдыңкы үчтүккө Ирландия менен Швеция дагы кирди. Ал эми ондукта Германия, Дания, Швейцария, Норвегия, Франция, Испания жана Канада бар.

Мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Эстониянын (14-орун) көрсөткүчтөрү эң жогору. Андан кийинки орунда Латвия (21-орун) менен Молдова (27-орун) турат. Рейтингде Россия 41-орунда болсо, Белоруссия 54-орунга татыган.

Ал эми Кыргызстан (69-орун) Бразилия (71-орун), Сауд Аравиясы (95) жана Казакстанды (102) артта калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0