Немистердин өкмөттүк учагы бузулуп, министр жолдо калды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГерманиянын экономикалык кызматташуу жана аны өнүктүрүү министри Герд Мюллер. Архив
Германиянын экономикалык кызматташуу жана аны өнүктүрүү министри Герд Мюллер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немистердин өкмөттүк учагы муну менен экинчи ирет ээлерин жолдо калтырды.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Немистердин өкмөттүк учагы дагы бузулуп, экономикалык кызматташуу жана аны өнүктүрүү министри Герд Мюллер жолдо калды. Бул туурасында dw.com сайтында кабарланган.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
Немистердин өкмөттүк учагы муну менен экинчи ирет ээлерин жолдо калтырды. Бул ирет Түштүк Африка өлкөлөрүн кыдырыш үчүн аттанган.

Маалыматта аба кемесинин кыймылдаткычы бузулганы айтылган. Эми министр Малавиден Замбияга адаттагы эле каттам менен учмакчы.

Аба кемеси буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель Аргентинада өтүүчү G20 саммитине бара жатканда да "кыялын көрсөткөн". Орто жолдон №1 борт бузулуп калып, артка кайрылган. Ал эми канцлер айым андан ары Франциянын Iberia компаниясынын катардагы каттамы менен Мадрид шаарынан Аргентинага жөнөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0