Forbes журналы 2018-жылдын эң бай жазуучуларын атады

© AP Photo / Scott Roth/InvisionАмерикалык жазуучу Жеймс Паттерсон. Архив
Америкалык жазуучу Жеймс Паттерсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингге кирген 11 жазуучу быйыл 24 миллиондон ашык китеп саткан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Forbes журналы 2018-жылы эң көп киреше тапкан жазуучулардын райтингин жарыялады. Тизмеге кирген 11 калемгердин баары чогулуп бир жылдын ичинде 283 миллион доллар чогулткан.

Райтингде биринчи орунду 86 миллион доллар иштеп тапкан америкалык жазуучу Жеймс Паттерсон алды. Ал каражатынын көбүн инспектор Алекс Кросс жөнүндө жазган романынан тапкан.

Супермодель и бизнес-леди Кайли Дженнер - Sputnik Кыргызстан
30га чыгып-чыкпай... Forbes эң бай жана атактууларды аныктады
Экинчи сапка "Гарри Поттер" романынын автору Жоан Роулинг чыкты. Жазган чыгармасы ага быйыл 54 миллион доллар табууга жардам берген.

Үчүнчү сапта "Король ужасов" китебин жазган Стивен Кинг турат. Анын жыл бою чогулткан байлыгы 27 миллион доллар. Бул жылы ал "Аутсайдеры" романын жарыкка чыгарган.

Кийинки саптарда Жон Гришэм (21 миллион доллар), Жефф Кинни (18,5 миллион доллар), Дэн Браун (18,5 миллион доллар), Майкл Вольф (13 миллион доллар), Даниэла Стил (12 миллион доллар), Нора Роберст (12 миллион доллар) турат.

Жогоруда аты аталган жазуучулар 2018-жылы АКШда 24 миллиондон ашык китеп сатышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0