Бриллиант менен шөкөттөлгөн учак элдин кыжырын кайнатты

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүРоссыпь ограненных алмазов
Россыпь ограненных алмазов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кемесинин сүрөтүн блоггер менен Emirates компаниясы жарыялады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары жүргүнчүлөр учагы бриллиант менен шөкөттөлгөнүнө кыжыры кайнап турган кез. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты. 

Сүрөт Emirates авиакомпаниясы тарабынан жүктөлдү.

"Жаңы Emirates Bling 777 учагын сунуштайбыз. Сүрөт блоггер Сара Шакил тарабынан тартылган", — деп сүрөттүн алдына жазылган.

​Социалдык тармактын колдонуучулары аба кемесин асыл таштар менен кооздоо ашыкча нерсе экенин жазып, Африкада балдар өлүп жатканын эскертишкен.

"Кечирим сурайм, дүйнөгө Emirates Airlines компаниясынын күлкүлүү шоусунан башка нерсе керек. Ал каражат кыйналып жаткан адамдарга жумшалса, алда канча жакшы болот беле?" — деп интернет колдонуучулар сындашууда.

Ал эми айрым адамдар сүрөт фотошоп экенин, учакты асыл таш менен шөкөттөөгө техникалык жактан мүмкүн эместигин айтып чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0