Жашоону кеминде 10 жылга узартчу жөнөкөй беш кеңеш

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКөнүгүүлөрдү жасап жаткан кыздар. Архив
Көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш эрежени кынтыксыз аткаруу онкологиялык оору менен инсульт, инфаркт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга өбөлгө түзөт.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Тамеки менен ичимдиктен баш тартуу, мүнөздөп тамак ичүү, жеңил салмак жана такай дене көнүгүүлөрүн жасоо орточо эсеп менен жашоону жок дегенде 10 жылга узартарын Гарварддын медиктери жар салышты. Бул тууралуу макала Circulation журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.

Илимпоздордун айтымында, сергек жашоо мүнөзү жашоону узартууга шарт түзгөн башкы шарттардын бири.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз айткан жөнөкөй эрежелерди сактаган киши дээрлик жок. Туура диета, дене көнүгүүлөрү жана жаман адаттардан оолак болууну кадыресе көрүнүшкө айлантуу үчүн аткаминерлер менен саясатчылар көп күч жумшашы керек", — деди Гарвард университетинин медиги Фрэнк Ху.

Уличная торговля в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Сарымсактын эч ким ойлобогон пайдасы аныкталды
Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү ушу тапта айрым азык-түлүктөр адамдын салмагына эле эмес, мээнин, жүрөктүн, кан тамырлардын жана башка негизги органдардын иштешине терс таасир тийгизип жатканын белгилешүүдө.

Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кеңештерди эреже катары колдонгон эркектер орточо эсеп менен 87, ал эми аялдар 93 жашка чейин жашай турганы аныкталган. Ал эми кеңештерди кулак сыртынан кетиргендер 75 жана 79 жашка чейин өмүр сүрөрү далилденген.

Илимпоздордун айтымында, жогорудагы беш эрежени кынтыксыз аткаруу онкологиялык оору менен инсульт, инфаркт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга өбөлгө түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0