Баягы эле экөө. Меланья Трамп күйөөсүнүн сунган колун суута жаздаган видеосу

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIВстреча президента США Дональда Трампа с главой Франции Эммануэлем Макроном
Встреча президента США Дональда Трампа с главой Франции Эммануэлем Макроном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Трамптын Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуусу учурунда болгон.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Меланья Трамптын колун кармоого аракет кылып жаткан видеосун талкууга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анда окуя Трамптын Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугушкан иш-чарада болгону айтылат.

Визит президента США Дональда Трампа в Польшу - Sputnik Кыргызстан
Польшанын биринчи айымы Трамптын сунган колун суутту. Видео
Видеодо Трамп бет маңдайын өтө олуттуу тиктеп турган түр көрсөтүп, бирок  ылдый түшүп турган колу менен жубайынын колун кармоого аракет кылып, "издеп, аракет кылып" жатканын байкоого болот. Сырттан карагандарга, сыр билдирбей зымпыйган Меланья күйөөсүнүн бул аракет байкаса да, байкамаксан болгондой сезилет.  Кызыгы, видеонун тарткан киши абдан көңүл коюп, президент менен аялынын колун ири план менен алып, көпкө чейин "аңдыган".

Анда колдонуучуларынын бири "аялы биз сыяктуу аны кабыл алгысы келген жок" деп жазса, айрымдары биринчи айымды аяп "Меланья бактысыз көрүнөт" деген билдирүүлөрүн калтырган.

Башкалары эртелеп чечим чыгарбоо керектигин айтып, өлкөнү жетекчилеринин жубайлык,  үй-бүлөлүк маселесине кийлишпөөнү суранган.

"Бул биздин ишибиз эмес", — деп жазган Twitter баракчасынын @mamtora аттуу колдонуучусу.

Трамп менен жубайы экөөнүн ортосундагы мамиле интернетте биринчи жолу талкууланып жаткан жок. Буга чейин Меланья Трамп бир нече жолу АКШ лидерин ыңгайсыз абалга калтырган. Алсак, былтыркы жылдын май айында Трамп Израилге иш сапары менен барып, жубайына колун сунса, Меланья кармабай койгон. Ушундай эле учур Римде да катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0