21:56 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Дүйнөдө

Жарышка түшкөн айдоочунун көйрөңдүгүнөн элди жалын каптады. Күбөнүн видеосу

Кыскача шилтеме алуу
265 0 0
© Видео / YouTube / phantom

Жарышка түшкөн унаанын айдоочусу эл алдында мактанууга аракет кылып жатып, трибунага күйгөн май чачып ийген

Австралияда жарышка түшкөн унаа көрүүчүлөргө күйүп жаткан бензинди чачкандыгын The Telegraph билдирди.

Караколдо КамАЗ 450 түк чөбү менен күйүп кетти. Күбөнүн видеосу
© видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Элис-Спрингс шаарында өтүп жаткан Red CentreNATS фестивалында айдоочу өзүнүн темир тулпары менен дрифт кылууга аракет кылып, ошол маалда унаанын майы күйүп кеткен. Жыйынтыгында машинадан чыккан жалын трибунадагы элди каптап кетти.

Көрүүчүлөрдүн бири тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу элдин жанында дрифт кыла баштап, көз ирмемден кийин трибуна ызы-чуу түшүп калды.

Маалыматка караганда, окуядан кийин ар кандай даражадагы күйүктөр менен ооруканага 12 киши жеткирилген, бирөөнүн акыбалы оор деп бааланууда.

Тема боюнча

Улуу Британияда учактар аз жерден кагышып кете жаздаган видеосу тарады
Белгилер:
унаа, Өрт, Австралия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ