АКШнын ракета алып жүрүүчү кемеси жүк ташыган судно менен кагышты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАмериканский эсминец "Джон Маккейн" при входе в бухту Золотой Рог
Американский эсминец Джон Маккейн при входе в бухту Золотой Рог - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеменин салмагы 6630 тонна болуп, экипажды кошкондо 337 адам сыят.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. АКШнын Аскер деңиз күчтөрүнүн "Жон Маккейн" деп аталган ракета алып жүрүүчү кемеси Малакка куймасынын аймагында соода судносу менен кагышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Ракета алып жүргөн "Жон Маккейн" Сингапурдун чыгыш жээгиндеги Малакка куймасынын аймагында Alnic MC соода судносу менен кагышкан", — деп айтылган флоттун сайтында.

Кырсык 21-августта эртең менен болуп, анын кесепетинин он моряк белгисиз болуп, бешөө жаракат алган.

Маалыматта "алгачкы билдирүүлөрдө эсминецтин куйругу жабыркагандагы айтылганы" жазылат.

​"Издөө жана куткаруу иштери жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлүп жатат", — деп кабарланган.

Американский крейсер Индианополис - Sputnik Кыргызстан
Тынч океанга 72 жыл мурун чөгүп кеткен АКШнын аскер кемеси табылды
vesselfinder.com порталынын маалыматына караганда, Alnic MC 2008-жылы курулуп, Либериянын желеги менен химиялык жана мунай заттарын ташып келген.

"Жон Маккейн" 1992-жылдан тарта сууда жүрө баштаган "Арли Берк" классындагы эсминец.

Кеменин салмагы 6630 тонна болуп, экипажды кошкондо 337 адам сыят.

Аны куралдандырууга боюнча аракетке келтирүүчү артиллериялык, кемеге каршы туруучу эки Aegis системасы орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0