Түркмөнстанда алгачкы ирет жолбун ит-мышыктар үчүн атайын жай ачылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПриют для бездомных животных в Грозном
Приют для бездомных животных в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчө жаныбарлары үчүн ачылган борбор "Үмүт аралы" деп аталат

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Түркмөнстанда алгачкы ирет жолбун ит-мышыктар үчүн атайын жай ачылды. Бул тууралуу РИА Новости Ориент сайтына таянуу менен кабарлады.

Ага ылайык, көчө жаныбарлары үчүн ачылган борбор "Үмүт аралы" деп аталып, биринчи жолу патент алынган.

"Учурда аталган жайда 100дөн ашуун ит жана 50гө чукул мышык бар. Алардын баары көчөдөн алынып келинген", — деп жазылат маалыматта.

"Үмүт аралы" борборун жергиликтүү тургун Татьяна Гальберг ачкан. Ага күйөөсү Николай менен Ирина жана Катя аттуу эки кызы жардам берип келет.

Ал жакынкы жылдары үй жаныбарлары үчүн "мейманкана" ачууну пландап жатканын айткан. Ал жакка ээлери убактылуу башка жакка кетип жаткан жаныбарлар жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0