21:04 17 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Суу алдындагы жүрүүчү атомдук Курск кемесинин курман болгон аскер моряктары эскерилди

17 жыл мурдагы "Курск" трагедиясы эскерилди. Суу алдында калган 118 моряк

© Sputnik / Алексей Даничев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
118 0 0

Баренц деңизинде кырсыкка кабылган "Курск" крейсеринде 118 адам курман болгон

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Суу алдындагы жүрүүчү атомдук "Курск" кемесинин курман болгон аскер моряктары эскерилди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Кемелер Баренц деңизиндеги трагедияны эскерип желектерин түшүрүп, митинг өтүп, аза күтүү мүнөтү болду", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн трагедиясында курман болгондордун арбагына багышталып куран окулгандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Адмирал Макаровдун атындагы Тынч океан жогорку аскер деңиз окуу жайында "Училищенин бүтүрүүчүлөрү" мемориалына жана эстелик тактасына гүл чамбарлар коюлду. Себеби, ал жерде аталган окуу жайдын аяктап, "Курск" трагедиясында курман болгон моряктардын ысымдары чегилип жазылган.

Мындан туура 17 жыл мурда атомдук ракеталык "Курск" крейсеринде кырсык болуп, ал 108 метр тереңдикке чөккөн. Экипаждын мүчөлөрү, адистер болуп бардыгы 118 адам каза тапкан.

Биринчи рангдагы капитан Геннадий Лячин жетекчилик кылган кеме кырсыкка Баренц деңизинде кабылган.

Тема боюнча

Россияда кеменин чөгүп кетишинен 54 адам каза тапты
Белгилер:
эскерүү күнү, деңиз, кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ