Терактынын күбөсү Лондондогу кандуу бычактоо кандай болгонун айтып берди

© AFP / DANIEL SORABJIЛондон шаарындагы теракт болгон аймактагы полиция кызматкерлери
Лондон шаарындагы теракт болгон аймактагы полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерар элге бычак шилтегендерди колуна тийген буюмдар, стакан, отургуч, бөтөлкө менен ургулап, элди "качкыла" деп кыйкырган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Лондондогу терактынын кандайча жасалганын көргөн күбөлөрдүн бири кол салгандарга кантип айбат көрсөткөнүн жана элди террорчулардан сактоо үчүн эмне кылганын айтып берди. Бул туурасында РИА Новости Би-Би-Сиге таянып жазды. 

Ал элге бычак шилтегендерди колуна тийген буюмдар, стакан, отургуч, бөтөлкө менен ургулап, элди "качкыла" деп кыйкыра жүгүргөн.

​Жерар бычак көтөргөн террорчуларды Боро базарынын аймагындагы пивоканадан келе жатып көргөн.

"Алар жол менен чуркаганда мен "качкыла, булар террорчулар, баарыңарды сайып салат" деп алардын артынан жүгүрдүм. Террорчулар бир жерге чуркап киришип, көлөмдүү чоң эле бир кишини жарадар кылышты. Андан чыгып, ар бир пабга кирип, ичиндегилерге бычак уруп жүрүп отурушту", — деп айтып берген Жерар.

Усиление безопасности в Манчестере после теракта - Sputnik Кыргызстан
Британиялык чалгын кызматы: өлкөдө 23 миң террорчу жүрөт
Ал мүмкүн болушунча беркилерге каршылык көрсөткөнгө аракет кылгандыгын төмөнкүчө айткан.

"Мен аларды көздөй бөтөлкө, стакан жана отургучтарды ыргыттым. Мүмкүн болушунча көбүрөөк элди сактап калганга жанталаштым. Эгерде жыгылсам, алар мени да соо коймок эмес", — деген ал.

Жерар бул кадамы туурасында ар кандай пикирлер жаралышы мүмкүндүгүн айткан.

"Билем, бул бир аз акылсыздык. Бирок мен адам өмүрүн сактап калганга аракет кылдым", — деп айткан лондондук жигит.

Лондон полициясынын жарандарга сунуштаган кеңештеринде теракты учурунда элге "Качкыла! Сактангыла! Башкаларга эскерткиле!" деп элди коопсуз жайга кетүүгө чакыруу керектиги айтылат.

"Коркунучу аз жайга чуркагыла. Бул өзүн курмандыкка кириптер кылып же террорчулар менен сүйлөшөм деп аракет кылганга караганда эстүүрөөк кадам. Эгерде кача албасаңыз, жок дегенде жашынып калыңыз", — деп айтылат анда.

​Лондон шаарында, 4-июнга караган учурда жасалган эки терактыдан алты адам каза таап, 50гө жакыны ооруканага түштү. Шаардагы көпүрөдө жүргөндөрдү кичи автобус тебелетип кетсе, ал эми Боро деп аталган базардын жанындагы адамдар бычак жеген.

Бул акыркы 2,5 ай ичинде Улуу Британияда жасалган үчүнчү теракты болду. Буга чейин эки ирет жасалган кол салуудан бир канча киши мерт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0