Өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган 5 себеп аныкталды

© AFP / SHAH MARAIОоруканадагы бала. Архив
Ооруканадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам өмүрүн алган окуялардын үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү Африка менен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө туура келет.

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча күн сайын үч миңден ашык өспүрүм каза болуп, жылдык көрсөткүч 1,2 миллионго жетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун докладынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жер жүзү боюнча жыл сайын 1,2 миллион өспүрүм мерт болот. Алар негизинен өз жанын кыюудан, диарея ооруларынан, сууга чөгүү, дем алуу органдарынын инфекцияларынан жана жол кырсыктарынан көз жумат.

Тепкичте көтөрүлүп бараткан өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Селсаяк болуп кеткен өспүрүм кыз 8 айдан кийин табылды
Уюмдун 2015-жылдагы статистикалык маалыматы боюнча, жашы жете электердин өмүрүн алган себептердин сап башында жол кырсыктары турат. Анын кесепетинен бир жылда 10-19 жаштагы 115 миңдей бала каза болгон. Ал эми кийинки орунда дем алуу органдарынын инфекциясы турат. Анын айынан 72 миңден ашык өспүрүм көз жумган. Үчүнчү орунда суицид. Өз өмүрүнө кол салгандардын саны 67 миңден ашкан.

Төртүнчү жана бешинчи тизмекте диарея оорулары менен сууга чөгүү турат. Аталган себептердин негизинде 2015-жылы 120 миңден ашык өспүрүм бул дүйнө менен кош айтышкан.

Мындай адам өмүрүн алган окуялардын үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү Африка менен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө катталган.

Уюмдун өкүлдөрү адам өмүрүн алган кырсыктардын алдын алуу мүмкүн экендигин белгилеп, ал үчүн билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык колдоо көргөзгөн мекемелер жана органдар жигердүү иштөөсү керектин айтат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысынын жардамчысы Флавия Бустреонун айтымында, он жылдар аралыгында бир да өлкөнүн улуттук саламаттыктык сактоо боюнча түзүлгөн программасында өспүрүмдөр эске алынган эмес.

"Өспүрүмдөргө инвестиция салуу көп нерселерди берет. Алардын ден-соолугу чың болуп гана өспөстөн, коомдун жакшы жагынан өнүгүшүнө таасир этет. Тилекке каршы, он жылдар аралыгында бир да өлкөнүн улуттук саламаттыктык сактоо жаатында өспүрүмдөр ден соолугу эске алынган эмес", — деди Бустрео.

Андан сырткары, өлкөдөгү туруксуз абал жана гуманитардык каатчылык балдар өлүмүнө өз таасирин тийгизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0