Селсаяк болуп кеткен өспүрүм кыз 8 айдан кийин табылды

© AFP / ARIS MESSINISТепкичте көтөрүлүп бараткан өспүрүм кыз. Архив
Тепкичте көтөрүлүп бараткан өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз учурда өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлордун кароосунда.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өткөн жылдын 6-августунда жоголгон 14 жаштагы кыз Чүй облусуна караштуу Жайыл районунан табылганын Чүй облустук ИИБден кабарлашты.

Ысык-Көл облусунда жоголгон кыз 23-март күнү Ново-Николаевка айылынан "Өспүрүм" рейди учурунда селсаяк болуп жүргөн жеринен табылган.

Учурда ал ИИМдин өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлүп берилди. Ал жакын арада үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0