Россияда суусундук заводунун чатыры урап, тонналаган шире көчөнү каптады

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүОбрушение кровли на заводе компании PepsiCo в Липецкой области
Обрушение кровли на заводе компании PepsiCo в Липецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлөмү 300 чарчы метр имараттын чатыры урап түшүп, эки адам жарадар болгонун кабарлады.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Липецк облусундагы Лебедянь шаарында PepsiCo заводунун кампасынын чатыры урап түшүп, шаардын көчөлөрүн тонналап каптаган шире Дон дарыясына куйду. Бул туурасында аймактык прокуратура кабарлагандыгын РИА Новости жазды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда имараттын аянты 300 чарчы метрди түзөт. Чатырдын урашынан эки адам жарадар болгон.

"Бир нече тонна шире шаардын көчөсүн каптап, андан ары Дон дарыясына куйган. Бул жаратылышка кандай кесепетин тийгизгенин прокуратуранын жаратылышты коргоо боюнча бөлүмү иликтеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган завод PepsiCo компаниясына тиешелүү. Ал шире чыгарган Россиядагы ири ишканалардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0