Мексикада бир ай ичинде төртүнчү журналист өлтүрүлдү

© REUTERS / Jose Luis GonzalezМексиканын полиция кызматкерлери. Архив
Мексиканын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн журналисттер коомчулугунун маалыматы боюнча 2000-жылдан бери Мексикада 115 журналист өлтүрүлүп, 20сы дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Мексикалык журналист Максимино Родригес Паласиос Төмөнкү Түштүк Калифорния штатындагы Ла-Пас шаарында белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлгөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мюнхенде "Бавария" менен "Реал Мадрид" беттешинде коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Colectivo Pericu интернет басылмасынын маалыматына ылайык, журналист автоунаасын соода борбордун унаа токтотуучу жайына токтотуп жаткан учурда атылган. Окуя болгон учурда анын жанында аялы бар экени айтылууда. Бактыга жараша ал жаракат алган эмес, ал эми Паласиостун денесине 15 ок тийип, окуя болгон жерде каза болгон. Журналист өлкөдөгү коопсуздук, кылмыштуулук боюнча материалдарды жазып, аны өзүнүн блогуна такай жарыялап турган.

Өлкөнүн журналисттер коомчулугунун маалыматы боюнча 2000-жылдан бери Мексикада 115 журналист өлтүрүлүп, 20сы дайынсыз жоголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0