Түштүк Кореянын соту учкучтарга сакал коюуга уруксат берди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКабина самолета. Архивное фото
Кабина самолета. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Asiana Airlines авиакомпаниясы 2014-жылы сакал коюп жүргөн учкучун жумуштан четтеткен. Кызматкер анын укугу бузулганын айтып, иштебей калган учурда келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды төлөттүрүү үчүн сотко кайрылган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын соту Asiana Airlines авиакомпаниясынын жергиликтүү учкучтарына сакал коюуга тыюу салган чечимин туура эмес деп тапканын РИА Новости Кореянын Рёнхан агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Майда кылмыш кылгандар кесилбейт! Президент жаңы кодексти колдоду
Маалыматка ылайык, компаниянын чет элдик жарандыгы бар учкучтарына сакал коюуга тыюу салынган эмес. Ал эми жергиликтүүлөргөн салынган мындай тыюу Түштүк Кореянын Конституциясына каршы келерин сот өз чечиминде белгилеген.

2014-жылы Asiana Airlines авиакомпаниясы сакал коюп жүргөн бир учкучун жумуштан четтеткен. Ал укугу бузулганын айтып, иштебей калган учурда келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды төлөттүрүү үчүн сотко кайрылган. Сот өкүмдү анын пайдасына чечип берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0