Ит талаган британиялык модель бетиндеги тактарга карабай кайра иштемей болду

© SputnikБританская модель Шеннон Кларк, которая подвеглась нападению собаки, фото со страницы Твиттер пользователя UK Celebrity
Британская модель Шеннон Кларк, которая подвеглась нападению собаки, фото со страницы Твиттер пользователя UK Celebrity - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийкечти өткөн жылдын июль айында ит талаган. Ошондон тарта ал бети-башында калган тырыктар кесиби боюнча иштөөгө тоскоол болот деп ойлоп келген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Британиялык модель Шеннон Кларк ит талагандан кийинки бетинде калган тактарга карабай иштей берерин жар салды. Бул тууралуу Mirror жазып чыкты.

​Басылманын маалыматына ылайык, былтыр жайында модель кызды үйүнүн жанынан ит талап кеткен. Эрди менен ээги катуу жабыркагандыктан бетинде тырык калган. Социалдык тармактарда Кларк моделдик карьерасы ушуну менен токтогонун жазып чыккан.

"Кырсыктагандан кийин бетимдеги тактар эч качан кетпечүдөй болгон. Бирок жарым жылдан кийин келбетим калыбына келди", — деди Кларк.

Модель кыз ага кайрадан подиумга чыгуу сунуштары түшө баштаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0