БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Британиялык модель Шеннон Кларк ит талагандан кийинки бетинде калган тактарга карабай иштей берерин жар салды. Бул тууралуу Mirror жазып чыкты.
Wannabe model suffers horrific facial injuries after being mauled by stranger’s dog she was trying to pet https://t.co/SEH0SPyqC9
— UK Celebrity (@UKCelebrity) January 12, 2017
Басылманын маалыматына ылайык, былтыр жайында модель кызды үйүнүн жанынан ит талап кеткен. Эрди менен ээги катуу жабыркагандыктан бетинде тырык калган. Социалдык тармактарда Кларк моделдик карьерасы ушуну менен токтогонун жазып чыккан.
"Кырсыктагандан кийин бетимдеги тактар эч качан кетпечүдөй болгон. Бирок жарым жылдан кийин келбетим калыбына келди", — деди Кларк.
Модель кыз ага кайрадан подиумга чыгуу сунуштары түшө баштаганын билдирди.