15:22 23 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Дүйнөдө

Германиялык ырчы Майя "Сен менин" ырын аткарды

Кыскача шилтеме алуу
112 0 0
Youtube/ Maya Fadeeva

Германиянын джаз ырчысы Майя Фадеева "Сен менин" аттуу кыргыз чыгармасын аткарган видеосун өзүнүн Youtube баракчасына жүктөдү.

Интернет колдонуучулар аткаруучуга мыкты баасын берип, анын аткаруусунда дагы башка ырларды күтөрүн жазышкан.

Эске салсак, Майя Фадеева Кыргызстанга келип Жалал-Абад облусундагы музыкалык мектепке барган. Ал жактан окуучулар менен биргеликте "Ай ай, эжеке" ырын аткарып, интернет колдонуучулар арасында жылдызга айланган. 

Аталган ырды аткаруу менен джаз ырчысы бийликти мугалимдердин маянасын көтөрүүнү өтүнгөн.

Тема боюнча

Германиялык ырчы "Ай-ай эжеке" ырын Жалал-Абаддын окуучулары менен аткарды
Белгилер:
ырчы, Майя Фадеева