Таиландда Зика вирусу тездик менен тарап жатат

© REUTERS / Nacho DoceЗика оорусуна залдыккан бала. Архив
Зика оорусуна залдыккан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жуманын ичинде Таиланддын бир гана районунда 22 адам Зика вирусун жуктуруп алган. Алардын катарында кош бойлуу аял бар.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Таиландда Зика вирусу тездик менен тарап жатканына карабастан Саламаттык сактоо министрлиги элди ызы-чууга түшпөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости Bangkok Post басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Зика" коркунучтуу вирус бойдон калууда
Өткөн жуманын ичинде Таиланддын бир гана районунда 22 адам Зика вирусун жуктуруп алгандыгы белгилүү болду. Алардын катарында кош бойлуу аял бар. 

Эпидемиологиялык департаменттин директорунун орун басары Опат Канкавинтхон тынчсызданууга себеп жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Зика дарты өлкө аймагында 2012-жылы эле пайда болгон. Ал адамды өлүмгө дуушар кылбайт. 

Учурда дартка кабылган 22 жаран медициналык борборго жаткырылып, аймакка 30 күндүк карантин жарыяланды. 

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0