New York Times рейтингинде Тажикстан АКШны артка таштап, Олимпиада лидери болду

© AFP / Eric FEFERBERG Олимпийский чемпион по метанию молота из Таджикистана Дильшод Назаров на XXXI летних Олимпийских играх
Олимпийский чемпион по метанию молота из Таджикистана Дильшод Назаров на XXXI летних Олимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан Олимпиада оюндарында бир алтын медалга ээ болгон. Ошентсе да катнаштык рейтингде АКШдан озуп түштү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Тажикстан Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын жыйынтыгында спортчулардын санына карата тийген медалдын көптүгү боюнча АКШдан да алдыга чыкты.

Рейтингди америкалык New York Times басылмасы түзүп, андагы маалымат medalspercapita.com сайтына жарыяланды.

Рейтингдин авторлору ар бир командага бир алтын үчүн төрт упай, күмүш үчүн эки жана коло медаль үчүн бир упай берип эсептешкен.

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга Тажикстандын атынан жети спортчу спорттун төрт түрү боюнча барышкан. Олимпиадалык алтынды Дилшод Назаров алыстыкка балка ыргытуу боюнча алган.

Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн командасы төрт упайга ээ болду. Бул упайды Олимпиадага барган жети спортчуга бөлгөндө 0,57ден тийген. Мындай коэффициент Олимпиада оюндарына катышкан өлкөлөрдүн бардыгын артта калтырды.

Экинчи орунда 0,53 коэффициентке ээ болгон АКШ курама тобу турат. Ал эми үчүнчү орунду 0,50 упай топтогон Азербайжан, Косово жана Иордания бөлүп алышты.

Ошентип, Назаров Тажикстандын эгемендүүлүк алгандан берки алтын медаль уткан биринчи спортчусу болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0