Президент Эрдоган 1915-жылы каза болгон армяндардын туугандарына көңүл айтты

© Фото / Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий Анкара 1915-жылы армяндардын тукум курут болушу тууралуу маалыматты четке кагып, анда армяндар менен чогуу түрктөр дагы кырылганын айтып келет. Ал эми Армения Осмон империясындагы бул ишти армяндардын тукум куруту катары дүйнө эли таануусу керектигине басым жасайт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Константинополдогу Армян Апостол чиркөөсүнүн архиепискобу Арам Атешянга 1915-жылы Осмон империясында болгон кайгылуу окуя боюнча көңүл айтканын РИА Новости билдирди. 

Дүйнө жүзүндөгү армяндар 24-апрелди 1915-жылы Осмон империясында болгон тукум курутту эскерүү күнү катары белгилешет.

"Түркия жалпы тарыхы бар, салт-санаасы окшош эки коңшу өлкөнү бири-бирине касташтырып, тарыхты саясатташтыргандарга карата татыктуу жооп берип, тынчтык жана достукту чыңдоого аракеттерди көрөт. Андыктан мен каза болгон осмон армяндарын эскерип, алардын жакындарына көңүл айтам… Түрктөр менен армяндардын кылымдар бою эриш-аркак жашап келгенин эстен чыгарбайбыз", — деп айтылат өлкө башчынын катында.

Түркия лидери Краммга Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Немец бийлиги Эрдоган тууралуу ыр окуган дагы бир кишини кармап кетти
Эрдоган ошондой эле мындай иш-чаралардын Түркияда өтүп жатышы абдан маанилүү экенин белгилеген.

Расмий Анкара 1915-жылы армяндардын тукум курут болушу тууралуу маалыматты четке кагып, анда армяндар менен чогуу түрктөр дагы кырылганын айтып келет. Ал эми Армения Осмон империясындагы бул ишти армяндардын тукум куруту катары дүйнө эли таануусу керектигине басым жасайт. Армяндардын тукум курут болгонун бир катар мамлекеттер да тааныган. Анын ичинде Европарламент жана чиркөөлөрдүн дүйнөлүк кеңеши да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0