00:32 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Видео

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

Кыскача шилтеме алуу
300 0 0

АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

Тема боюнча

Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ