Оор эмес кылмыш жасаган кыргызстандыктар кандай түзөтүлөт. Видео

Жазылуу
Сот бул жаранды 280 сааттык коомдук жумушка тартты. Ал бөтөн адамдын аймагына кирген деп соттолгон. Өкүм угузулгандан кийин соттолгон адамды Бишкек шаарындагы Урология борборуна иштөөгө бөлдү.

Өткөн жылы Кыргызстанда Пробация борбору иштеп баштаган. Уюмдун милдети оор эмес кылмыш жасаган адамдарды түзөтүү болуп саналат. Пробация абакка кесүү эмес, гумандуу жаза колдонууну жактайт.

Юстиция министрлигинин Бишкек, Чүй, Талас облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Айбек Бердалиев жумуш кандайча уюштурулганын айтып берди.

"Пробация кызматынын жумуш системасын соттун чечими менен 280 сааттык коомдук жумушка тартылган адамдын мисалында талдап көрөлү. Соттолгон жаран бөтөн адамдын аймагына уруксатсыз өткөнү үчүн жазага тартылган. Ал үй-бүлөсү менен катаал турмуш-шартка байланыштуу бирөөнүн үйүндө жашаган. Сот айыпталуучуга карата түзөтүү жумушунда иштөөгө өкүм чыгарган. Биздин ишибиз — соттолгон адамга жумуш табуу жана анын сот белгилеген мөөнөтү бүткөнчө ар дайым көзөмөлдөп туруу", — дейт адис.

Романов: пробация органдары эми ыктыярчылар менен иштешет

Соттолуучу Урология борборуна жумушка бекитилди. Пандемия башталганда оорукана COVID жуккандарды дарылоо үчүн ылайыкташтырылып кайра жабдылган.

Соттолгон адам жана башка жумушчулар жасалма дем алдырууда (ИВЛ) бейтаптарга кычкылтек жеткирилишин камсыз кылууга жооптуу.

"Жумуш чынында жеңил эмес, бир баллондун салмагы 90 килограмм чыгат, аны ар бир 20-30 мүнөт ичинде алмаштырып туруу зарыл. Биз көзөмөлдөгөн жаран башка жумушчулар менен кошо бул иш менен сутка бою алек болот. Жумуш маанилүү, анткени кычкылтеги бар баллон атайын аппаратка туташтырылып, андан ары кычкылтек түтүк аркылуу борбордун жандандыруу бөлүмүнө барат. Ал жерде жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган бейтаптар дем алышат", — дейт Бердалиев соттолгон адамдын иши тууралуу айтып берип жатып.

Январдан июлга чейинки мезгил аралыгында Бишкек жана Чүй облусунда коомдук жумушка тартылган 71 адам, анын катарында 10 киши түзөтүү боюнча эсепте турган. Анын ичинен баш калаада 20 адам коомдук жумушка, бешөө түзөтүү ишине тартылган.

Пробациянын кардарларына көбүнчө аймактарды тазалоо жумуштары тапшырылат, алар жүк түшүрүүчү жана башка түрдүү жумуштарды жасоочу катары ишке тартылышат.

Молдокул уулу: пробация кардарлары санитардык кызматтарды аткарууда

Жумуш жайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктап беришет. Өлкөдө коронавирус эпидемиясы башталгандан бери пробацияга алынган 14 кардар өз ыктыяры менен Улуттук госпиталда санитар, чарба иштериндеги түрдүү жумуштарга, кычкылтек баллондорун көтөрүүгө, ошондой эле 150 дарыгерге 10 күн бою тамак-аш жеткирүү иштерине тартылышты.

Пробация департаменти өткөн жылдын башында түзүлгөн, 1-сентябрдан тарта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) карамагынан Юстиция министрлигине өткөн. Пробациянын кардарлары майда жана оор эмес жаза мөөнөтү беш жылдан ашпаган кылмыштарды жасаган жарандар болуп саналат. Мындан сырткары, жаза мөөнөтү бүтө электе шарттуу түрдө боштондукка чыгарылгандар да пробация кызматынын кардары болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0