11:57 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Видео

13 жыл көңүл бурбай коюшту. Болот Шамшиев менен коштошуудагы ачуу сөз. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)
3764 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Залкар режиссёр Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды. Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.

Улуу инсанды түбөлүк жайга узатууга бийлик өкүлдөрү, чет өлкөнүн элчилери, туугандары жана талантын урматтагандар келип катышты.

Болот Шамшиев үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү бүгүн, 24-декабрда, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Топурак салууга президент Сооронбай Жээнбеков да барды.

Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардан ээси болгон.

"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.

Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)

Тема боюнча

Жээнбеков Болот Шамшиев менен соңку жолукканын эске салды. Президенттин кайрылуусу
Россиянын кинематографисттер союзу Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты
Белгилер:
Бишкек, коштошуу, Болот Шамшиев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ