Бычак шилтеп кол салган адамды милиция элдин жардамы менен кармады. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИББ кармоо учурунда каршылык көрсөткөн киши учурда милицияда экенин жана троллейбустун жүргүнчүлөрүнө эмнеге кол салганы такталып жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкекте бычак кармаган киши №2 троллейбустун жүргүнчүлөрүнө кол салып ие жаздап, милициянын Кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөн. Окуянын видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жүктөлдү.

Кадрдан эркек киши менен Кайгуул-күзөт кызматынын өкүлү Логвиненко көчөсүндө бир адамдын артынан кууп баратканын көрүүгө болот. Жолдун аркы бетине өткөндө кубалап бараткан киши тигил адамга жетип, жерге кулаткан. Ал кармамакчы болгон милиционерлерге бычак шилтеп каршылык көрсөткөн.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Милиция Бишкектеги массалык мушташтын чоо-жайын айтты
Андан кийин Чүй проспектисин көздөй чуркаган. Ак үйгө жакын жердеги унаалар өткөн жолдон башка киши аны жерге жыккан. Тартип сакчылары анын колуна кишен салып, кызматтык унаа менен алып кетишти.

Бишкек ШИИББ кармоо учурунда каршылык көрсөткөн киши учурда милицияда экенин жана троллейбустун жүргүнчүлөрүнө эмнеге кол салганы такталып жатканын маалымдады.

"Алдын ала маалымат боюнча, киши жүргүнчүлөргө кол салганы жатканда айдоочу транспортту токтотуп, ошол жерде жүргөн милиция кызматкерлеринен жардам сураган. Тартип сакчыларын көргөн киши качып кетүүгө аракет жасаган", — дешти башкармалыктан.

Окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтылары убадаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0