11:26 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Видео

Азиянын аймактык чемпиону болгон КР волейболчулары өлкөгө келди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
244 0 0
© Видео / Улан Алишеров

Спортчуларды "Манас" аба майданынан тосуп алышты.

Непалда өткөн Азиянын аймактык чемпионатын утуп алган кыргызстандык волейболчулар өлкөгө учуп келди.

Спортчуларды "Манас" аба майданынан салтанаттуу түрдө бийлик өкүлдөрү, федерация жетекчилери жана күйөрмандар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-августта, курама команда Непалда Азиянын аймактык чемпионатында биринчи орунга ээ болгон. Алар финалдык беттеште Өзбекстандын волейболчулары менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Ал эми жарым финалда Түркмөнстандын командасын 3:0 эсебинде уткан. Ага чейинки этаптарда Непал жана Мальдив аралдарынын курама командаларын да 3:0 эсеби менен артта калтырган.

Азиянын борбордук зоналык чемпионатында Кыргызстан, Непал, Мальдив аралдары, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганистан болуп жалпы жети өлкө ойноду.

Тема боюнча

Сүйүнчү! Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпиону болду
Белгилер:
Спорт, волейбол, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ