Италияда 43 кишинин өмүрүн алган көпүрөнү 6 секундда жок кылышты. Видео

Жазылуу
Бир жыл мурда көпүрөнүн бир бөлүгү түшүп кетип, 43 адам каза тапкан.

Италиянын Генуя шаарында Моранди көпүрөсүн жардыруу жолу менен талкалашканын Euronews кабарлады.

Мунара. Архив - Sputnik Кыргызстан
2000 жылдык мунара элдин көз алдында урап калды. Афганистандагы видео
Объект алты секундда урап түштү. Жардыруучу каражаттар көпүрөнүн үстүнө дагы, тирөөчтөрүнө дагы коюлган.

Жардырууга чейин ал аймакта жашаган 3,5 миңдей адам коопсуз жактарга чыгарылды. Ошондой эле 300 метрге чейинки аралыктагы бардык жолдор жабылды.

Эске салсак, былтыр 14-августта Италиянын Генуя шаарындагы бул көпүрөдөгү кырсык 43 адамдын өмүрүн алган. Узундугу болжол менен 200 метрге жеткен көпүрөнүн бир бөлүгү 70 метр бийиктиктен урап түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0