22:53 25 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7441
  • EUR78.9154
  • RUB1.0813
Видео

Президент Жээнбеков сотторду тозоктон коркууга чакырды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
155 0 0
© Пресс-служба президента КР

Өлкө башчысы өз сөзүндө сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу процесси дагы деле уланып жатканын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бардык судьялар өзүнүн жогорку статусун баалап, аларга мамлекет тарабынан зор ыйгарым укуктар менен бирге чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн терең аңдап түшүнүүсү керек. Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок!" — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле соттор эң башкысы мыйзамдан, Кудайдан коркуп, ыймандуу болушу керектигин айтып, хадистерден бир мисал келтирди.

"Пайгамбарыбыз "Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште" деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса, анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот", — деди өлкө башчысы.

Жээнбеков, мындан сырткары, курултайда соттор кеңешинин жаңы курамы шайланарын айтып, буга чейин иштеп келген курам натыйжалуу иштерди жасай албаганын өкүнүү менен белгиледи.

Тема боюнча

Атамбаев үч саясатчыга 300 миң сомдук айыпка жыгылды. Сот чечими
Пара алган сот аткаруучуну кармоо учуру. Акчаны принтерге катып койгон
Белгилер:
видео, курултай, шайлоо, сот, Сооронбай Жээнбеков

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ