Калшоу атаандашы Зак Эдвардсты биринчи раундда эле нокаутка жөнөткөн. Беттеш токтотулгандан кийин Калшоу кубанганынан бир секирип эле октагондун кырына чыгып, кайра түшкөндө туура эмес жыгылып калган.
MMA Fighting уюмунун маалыматы боюнча спортчу алган оор жаракатынан улам кийинки беттешине катыша албайт. Мелдеш декабрдын башында тартууланмак, ал эми Калшоу ушу жылдын соңуна чейин дарыланмай болду.
"Рентгенге тартылдым, сөөктөрүм аман экен. Тиземдин томугу чыгып кетиптир, сол тизем да оңбой калганын айтышууда. Оң бутумду бүткөндөн кийин сол бутумду дарылай баштайм", — деген ал.
Ал эми доктурлар Калшоуну буттары көп жылдан берки чуркоодон жана машыгуудан улам алсырап калганын айтышууда.