Домбра дагы көрк бериптир! "Илиястын ырын" казак боордоштор аткарууда

Жазылуу
Казакстандын Made in KZ тобу кыргыздын "Илиястын ыры" чыгармасын домбранын коштоосунда аткарып чыгышты.

Популярдуу ырчы Нурлан Насип маек учурда - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурлан Насип: ырчы болбосом, молдо болмокмун
Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен Тянь-Шань" (Орусча аталышы "Перевал") тасмасынын саундтреги болуп калган "Илиястын ырын" казакстандык топ ырдап чыкты. Аталган топ дүйнөлүк жана казакча ырларды домбранын коштоосунда аткарып келет. "Илиястын ырын" аткаруучу кыргызча ырдаган.

Бул видео бир нече күндүн ичинде эле 30 миңден ашык жолу көрүлүп, Facebook социалдык тармагында активдүү бөлүшүлүп жатат.

Видеонун алдында "Кыргызча эң сонун ыр. Ал бизге абдан жагып калып, ырдап чыгууну чечтик. Силерге да жагат деп ойлойбуз", — деп жазылган.

"Илиястын ырын" буга чейин көптөгөн кыргыз ырчылары ырдап чыгышкан. Алардын арасында Мирбек Атабеков да бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков аскер институтунун курсанттарына ырдап бергенин бул жактан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0