Икрамжан Илмияновду сот залынан алып чыгып кетишти. Видео

Жазылуу
Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын тандады.

© Sputnik / Расул УсеналиевАрест Икрамжана Илмиянова Первомайским райсудом Бишкека
Арест Икрамжана Илмиянова Первомайским райсудом Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Арест Икрамжана Илмиянова Первомайским райсудом Бишкека
Сот айыпталуучуну 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Ошондой эле анын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Алматынын атайылаштырылган райондор аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карай баштады - Sputnik Кыргызстан
Алматыда экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту болду. Сүрөт
Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу) боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0