03:36 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Видео

Бишкекке көрк кошту. Кыргызстандагы эң чоң мечиттин ичи-тышы видеодо

Кыскача шилтеме алуу
143711
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бишкекте курулган эң чоң мечиттин көз талдырып, сүйүнткөн күндүзгү жана кечки көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеого түшүрдү.

Өлкөдөгү эң чоң мечиттин курулуш иштери соңуна чыгып, сентябрь айынын башында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда анын ачылыш аземи өткөн

Сырттан келгендерге мактанып көрсөтө турган жай имам Аль-Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечит деп аталды.

Борбор Азиядагы эң ири мечиттин курулушу 2012-жылы башталып, Түркиянын "Дианет" фондусу 25 миллион доллар бөлгөн. Курулуш Осмон империясынын архитектурасы боюнча салынып, төрт мунарасынын ар биринин узундугу 70 метрди түзөт. Жалпы аянты 3,5 гектар болгон жайдын ичине 8 миң киши батат. Эгер жаан-жачын болбосо 20 миңге дейре киши кирсе болот.

Калаадагы эң кооз курулуш Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектисинин Сүйүнбаев жана Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен аймагында жайгашкан.

Мечиттин айланасындагы арыктарды, тротуарларды Бишкек мэриясы жасап, анын ичине ысык, муздак суу киргизилген. Ошондой эле ичинде имамдардын бөлмөсү, аялдар үчүн намаз окуучу жай, жыйындар залы да бар.

Тема боюнча

Жаңы мечиттеги азандын үнүнө нааразы болгондор бар. Муфтияттын жообу
Дүйнө жүзүндөгү эң кооз 12 мечит. Сүрөттөр
Белгилер:
видео, курулуш, мечит, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ