Сапар Исаков сот залынан күлүп-жайнап чыкты. Видео

Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү боюнча баш коргоо чарасын карап, аны 5-октябрга чейин узартуу чечимин чыгарды.

Буга чейин Жогорку сот Исаковду 5-августка чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынганын маалымдаган.

Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео - Sputnik Кыргызстан
Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына мурдагы премьердин 30дай жактоочусу келди. Алардын ичинде Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева, жубайы Малика Исакова да бар. Андан сырткары, Исаковдун мурдагы кеңешчиси Гүлнур Төралиева жана маалымат катчысы Урмат Кабылова да жүрдү.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0