Бишкекте нике кыюуга молдолор канча акча сурайт? Мечитте тартылган видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери Бишкектеги бир нече мечитти кыдырып, молдолор кандай баага нике кыя турганын билип көрдү.

Алгач борбордук мечиттин кабылдамасына киргенибизде бир нече дин кызматкерлерине кезиктик. Нике кыйдыруу үчүн келгенибизди айтсак, "ыраазычылыкты" көңүлүңөрдөн чыгарып бересиңер, анан 200 сом берип жүрбөгүлө" деп жылмая кыйытып өттү.

Өткөн жылы жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген Махмуд Кашгари атындагы мечиттин кызматкери адатта нике кыюунун баасы 1000 сомду түзөрүн айтты. 

Ушундай эле жоопту 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Көк-Жар" конушундагы мечиттен да алдык. Ал жайдын имамы нике кыюунун жол-жобосун түшүндүрдү. 

Молдонун айтымында, нике кыюу үчүн баш кошуп жаткан кыз-күйөөнүн жана алардын ата-энесинин макулдугу керек. Кыз тараптан да, бала тараптан да күбөлөр болушу шарт. Турмушка чыгып жаткан кыз өспүрүм куракта болсо нике кыйылбайт. 

Дин кызматкери билдиргендей жаштардын никесин кыйган молдого той ээси ыраазычылык билдирип, 1000 сом карматып коюшу керек. 

Андан чыгып "Жал" кичирайонундагы ири мечитке бардык. Ал жайдын имамы ордунда жок экен, бирок бизди тосуп чыккан жигит өзү да нике кыя бере турганын айтты. Ал жол-жобосун түшүндүргөн соң адатта кызмат акысына 1000 сом аларын, кээ бирлер бул суммага кошуп көйнөк, калпак кошуп берерин кошумчалап кетти.  

Бул боюнча муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына түшүндүрмө берди. 

"Молдолорго нике кыюу үчүн атайын бекитилген акча жок. Бул деген той да, ар бири сүйүнүчүн бөлүшүп дасторкондогу даамдан ооз тийгизип, көңүлүнөн чыккан акчасын берип ырымдашат. Мында жубайлардын түбөлүктүү никеси байланып жатат, никеси бекем болсун деп кубанып бергендер болот. Молдолор элди кыйнап акча алып жаткан жери жок, тойдун башка кызматтарына салыштырмалуу көп деле каражат эмес да. Кыргыздын салтында деле "Кур аякка бата жүрбөйт" деген сөз бар эмеспи", — деди Эратов. 

Ал ошондой эле молдолордун нике кыюу кызматы үчүн бир сумманы бекитип алгандар болсо эскертүү берилерин айтып, бирок бул боюнча кайрылуулар түшпөгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0