Эки саатта 250 соодагердин маңдай тери күл болду. Базардагы өрткө ким жооп берет?

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча "Ош" базарда чыккан ири өрттөн "Сейтекте" 108 жана "Берекет плюс" кичи базарында 18 соода күркөсү күйгөн. Ал эми базар жетекчилиги өрттөнгөн жерде 250гө чукул адамдын соода түйүнү болгонун айтат. Sputnik Кыргызстан агенттиги кырсыктын кесепеттери туурасында баяндайт.

Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарындагы өрт учурунда мародерчулук болгонбу
Соодагерлер ичи ачышып жатканы менен "башыбыз аман калганына топук кылалы дешип" бири-бирин соротууда. Азырынча кимге доо коюшун деле билбейт. Мындан аркы ишин кантип уланатаары караңгы. Базар жетекчилиги бүгүн соодагерлерди чогултуп түлөө өткөрдү. Алар жетекчиликтен соода күркөлөрдү кайра калыбына келтирип берүүнү суранууда.

Өрттөнгөн жерде бир эле адам эки-үч күркөнү иштетчү экен. Кырсык болгон учурда көпчүлүгү жумушка келе элек болгон. Бир соодагер эле 200 миңден бир миллион сомго чейинки чыгымга учураганын айтат. Анарбек Мырзабеков мындан үч жыл мурун "Сейтек" базарынын жер төлөсүн сатып алып 18 соода күркөсүн ачып ижарага берген.

"Бул жерди алгандан кийин ичин 103 миң долларга реконструкциялатып чыккам. Жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Бирок үч ай мурда базар жетекчилиги келишимди бир тараптуу бузуп, мен кетип калгам. Өрт чыккандан кийин кесиптештерим чакырганынан келип отурам. Бул жердегилердин баары банктан насыя алып иштечү. Эми эмне кыларын билбей турушат. 2012-жылы да ушул эле базарда өрт чыгып, үстүңкү кабаты күйүп кеткен", — деди Мырзабеков.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Сейтек” кичи базарынын директору Сабырбек Сакинбаев өрттөнгөн жайда 250гө чукул адам иштегенин айтып, учурда базарды кайра калыбына келтирүү аракетинде жүрүшкөнүн билдирди
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
“Сейтек” кичи базарынын директору Сабырбек Сакинбаев өрттөнгөн жайда 250гө чукул адам иштегенин айтып, учурда базарды кайра калыбына келтирүү аракетинде жүрүшкөнүн билдирди

Өрт чыккан күнү базарда жарык жок болчу

Коюу түтүн, жандалбастаган соодагерлер. Ош базарда чыккан өрттүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Коюу түтүн, жандалбастаган соодагерлер. "Ош" базарда чыккан өрттүн видеосу
Ал эми "Сейтек" кичи базарынын ээси Чолпон Тойчубекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жооп берүүдөн баш тартып, директор Сабырбек Сакинбаевден комментарий алууну сунуштады. Ал өрттөнгөн жайда 250гө чукул адам иштегенин айтып, учурда базарды кайра калыбына келтирүү аракетинде жүрүшкөнүн билдирди.

"Азырынча өрт эмнеден чыкканы туурасында лабораториянын жыйынтыгы чыга элек. Бирок таң калычтуусу электр зымдарынан чыктыбы деп божомолдоюн десек ал күнү жарык жок болгон да. Бирок бул боюнча азыр бир нерсе деп айта албайм. Каражат издеп, базарды кайра калыбына келтирүү аракетин көрүп жатабыз. Бүгүн демилгечи топ менен Жогорку Кеңешке, өкмөткө, мэрияга жардам сурап барабыз", — деди Сакинбаев. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2012-жылы да ушул эле базарда өрт чыгып, үстүңкү кабаты күйүп кеткен
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2012-жылы да ушул эле базарда өрт чыгып, үстүңкү кабаты күйүп кеткен

Камсыздандырылган эмес

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Милдеттүү камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бурул Калматова базар ээлери имаратты камсыздандырып койсо тиешелүү көлөмдө каражат алмак дейт.

"Өрттөнгөн базардын ээлери менчик компанияларга эле камсыздандырбаса бизге кайрылган эмес. Бирок ал жай канчалык деңгээлде коопсуздук эрежелерин сактаган деген маселе турат. Компаниялар да эгер талаптарга жооп бербесе камсыздандыруудан баш тартып коёт. Негизи товарын же имараттын өзүн камсыздандырып койсо, азыр тиешелүү каражаттарын алышмак", — деди Калматова.

Сакинбаев да базар эч жакта камсыздандырылбаганын тастыктады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик экотехинспекция 2017-жылы борбор калаада коопсуздук эрежелерин сактабаган 11 базарга айып салган Бир соодагер эле 200 миңден бир миллион сомго чейинки чыгымга учураганын айтат
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик экотехинспекция 2017-жылы борбор калаада коопсуздук эрежелерин сактабаган 11 базарга айып салган Бир соодагер эле 200 миңден бир миллион сомго чейинки чыгымга учураганын айтат

Коопсуздук эрежесин сактабаган базарлар

Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарындагы ири өрт. Жеринен тартылган 15 сүрөт
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында "Ош" базардын аймагында тактикалык окуу өтүп, анда эгер өрт чыга турган болсо атайын машиналардын өтө албай турганы аныкталган.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы 2017-жылы борбор калаадагы базарлардын баары кароодон өткөнүн билдирди. Анда бир тобуна эскертүү берилген жана административдик жоопко тартылган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСоодагерлер азырынча кимге доо коюшун деле билбейт
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер азырынча кимге доо коюшун деле билбейт

Айып салынган базарлардын тизмеси:

1. "Берекет" ЖАКка тиешелүү соода түйүнү өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 50 миң сом;

2. "Реконс" ЖЧКсына тиешелүү "Баткен" базарына — 50 миң сом;

3. "Дордой Дыйкан" базары өз билемдик менен жүргүзгөн мыйзамсыз курулуштары үчүн 100 миң сом;

4. Мэриянын алдындагы муниципалдык базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегендиги үчүн 10 миң сом;

5. "Аламүдүн" базары 50 миң сом;

6. "Табылга" соода борборуна 10 миң сом;

7. "Оберон" базарына 20 миң сом;

8. "Мурас спорт" ЖЧКсы 50 миң сом;

9. "Кербен" базарында өрт коопсуздугунун талаптары бузулгандыктан 20 миң сом;

10. "Сары-Өзөн" базарынын өрт коопсуздугунун талаптары бузулганы үчүн 50 миң сом;

11. "Мадина" базарында өрт коопсуздук талаптарынын бузулганы үчүн 50 миң сом айып пул салынган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМындан аркы ишин кантип уланатаары караңгы
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мындан аркы ишин кантип уланатаары караңгы

Ош базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Келгиче эле 1 млн. сомдук товарым күйүп кетти... Таң эрте соодагерди өксүткөн өрт
Анткен менен берилген эскертүүлөргө жана салынган административдик айып пулга карабастан, айрым соода жайлары жана ири базарлардын жетекчилери өрт коопсуздук талаптарын толук аткарбай келишкенин белгилейт.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү эртең менен саат 9.40дар чамасында "Ош" базарында өрт чыгып 3500 чарчы метрдик аянтты жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 12 техника тартылган. Түшкө жуук өрт чектөөгө алынып, кечки саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымдаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0