ЖК депутаты Улан Чолпонбаевдин тажыясы. "Ала-Арчадан" тартылган видео

Жазылуу
Узак оорудан улам каза болгон эл өкүлүнүн сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 13-ноябрда "Ала-Арча" көрүстөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин тажыясы болду. Эл өкүлү 11-ноябрда 40 жашында дүйнөдөн кайткан эле. Туугандарынын айтымында, депутат бөйрөк илдетинен дарыланып ооруканада жаткан болчу. Эл өкүлү өлөр алдында комага түшүп калган.

Тажыяга эл өкүлүнүн туугандарынан башка Жогорку Кеңештин депутаттары, спикер Дастан Жумабеков катышты.

Улан Чолпонбаев тууралуу кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окууга болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0